Чек ара чыры боюнча 11 иш козголуп, ИИМ Баткенге дагы 20 тергөөчү жөнөттү

Баткенде иликтене турган иштердин көптүгүнө байланыштуу ИИМдин Тергөө кызматынан тажрыйбалуу жыйырма киши жөнөтүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу боюнча 11 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу брифингде ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди.
ИИМ өкүлүнөн кыргызстандыктарды барымтага алгандарга иш козголгон-козголбогону тууралуу суроо узатылган. Жетекчи маалыматты тастыктап, жалпысынан 11 иш ачылганын билдирди. Алардын сегизин Баткен РИИБдин, үчөөнү Лейлек РИИБдин Тергөө кызматы иликтеп жатканын кошумчалады.
"Бул фактылар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Массалык башаламандык", "Тынчтыкка каршы кылмыштар", "Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же талкалоо", "Ээнбаштык", "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" жана "Киши өлтүрүү" беренелери менен катталган", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ Баткендеги жаңжалда талкаланган объектилердин тизмесин берди
Мындан башка да фактылар боюнча көптөгөн билдирүүлөр каттоого алынганы айтылды. Иликтене турган иштердин көптүгүнө байланыштуу ИИМдин Тергөө кызматынан тажрыйбалуу 20 кызматкер жөнөтүлдү.
Учурда келтирилген чыгымдын эсеби такталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Министрлик Тергөө кызматынын аймактык бөлүмдөрү чек арага чектеш аймактарда катталган фактылар боюнча кылмыш ишин иликтөөнү баштаганын айтты.