Call-борборго кайрылган адамдар кандай эмгек укуктары бар экенин сурап жатышты. Эмгек кодексин башынан аягына чейин окуп түшүнүү кыйын. Андыктан эмгек укуктары, аны коргоонун жолдору, сот системасындагы эмгекти коргоо практикасын карап чыгып, атайын emgek.kg деген портал түзүлгөн. Бул тууралуу Элдияр Карачалов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дистанциондук жумушчунун укук, милдеттерин Эмгек кодексине киргизүү пландалууда.
"Пандемия учурунда көп кызматкерлер аралыктан иштөөгө өтүп же басымдуусу ишсиз калды. Кээ бирлерине айлыгынын бир бөлүгү төлөнсө, айрымдары маянасын ала албай кыйналышты. Буга чейин аталган маселе Мамлекеттик эмгек инспекциясы, Кесиптик кошуундар федерациясы менен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан көтөрүлгөн. Аралыктан иштөөнүн эрежелери бар. Тилекке каршы, бул Эмгек кодексине кирген эмес. Апрель айында министрлик менен биргеликте аталган маселе боюнча мыйзам долбоорун даярдап, өкмөткө жөнөткөн элек. Азыркыга чейин Жогорку Кеңеш же өкмөт мыйзамды карай элек. Бирок биз бул көйгөйдү кайрадан көтөрөбүз. Себеби ушул норманын жоктугунан кызматкерлер акысын ала албай жөн эле үйдө жумушсуз отуруп калышты", — деди Карачалов.
Ал emgek.kg порталында китепчелер, кыска роликтер жайгаштырылганын, жумушчулар эмгек укуктары жөнүндө кенен маалымат ала алышарын кошумчалады.