Чек ара кызматы: тараптар кошумча күчтөрүн кайтара баштады

Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү органдарынын сүйлөшүүсүнүн натыйжасында кечээтен тарта чыр басаңдап, абал турукташып келе жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Баткенде кыргыз-тажик чек арасында тараптар кошумча күчтөрү менен каражаттарын өз аймагына кайтара башташты. Бул тууралуу УКМКга караган Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.
Ага ылайык, саат 9.30га карата мамлекеттик чек аранын Тажикстан менен чектешкен аймагындагы кырдаал туруктуу деп бааланууда. Өткөн түндө атышуулар же башка окуялар катталган эмес.
Ош — Исфана унаа жолунда адаттагыдай автоунаалар өтүп жатат. Чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатканы айтылды.
Баткендеги ак-сайлык Арданова: биз качтык, үйдө калган жолдошума санааркап жатам
Эске салсак, 28-апрель күнү кечинде Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эки-үч күнгө созулуп кетти. Эки тарап бири-бирин көздөй ок аткан. Андан Кыргызстанда каза болгондордун саны 34кө жетип, 173 киши жабыркаган.
Бул трагедиядан улам 1-2-май Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү органдарынын сүйлөшүүсүнүн натыйжасында кечээ чыр басаңдап, абал турукташып келе жатат. Кечинде тажикстандыктар барымтага алган 10 кыргызстандык жаран мекенине кайтарылды.