Бишкектеги чиркөөдө Пасха майрамы белгиленди. Сүрөттөр

Sputnik

Борбор калаадагы чиркөөгө жүздөгөн киши келди. Илгертен бери Пасха майрамында христиандар түн ичинде чиркөөгө барып чокунуп, шам жагышат. Бул күнү бири-бирин куттукташып, жаман иштен алыс болушат.

Пасха — христиандардын чоң майрамы жана ага терең маани берилет. Христиан дининде Иисус Христостун тирилген күнү катары саналат. Майрамдын башкы символу — боелгон жумурткалар. Андан сырткары, атайын пасха токочтору, грек жаңгагы менен мейиз коюлат.

1 / 13
Пасха майрамынын күнү жыл сайын Ай, Күн календарына ылайык эсептелет
2 / 13
Быйыл майрам 2-майга туш келди
3 / 13
Бишкектеги Ыйык Жекшемби кафедралык чиркөөсүнө келип сыйынгандар
4 / 13
Бул күнү түн ичинде чиркөөгө барып чокунуп, шам жагышат
5 / 13
Пасха — христиандардын чоң майрамы жана ага терең маани берилет
6 / 13
Анын башкы символу — боелгон жумурткалар. Андан сырткары, атайын пасха токочтору, грек жаңгагы менен мейиз коюлат.
7 / 13
Пасханын түпкү мааниси — куткарылуу майрамы
8 / 13
Иса тирилди деп бүткүл христиан дүйнөсү ишенген күн
9 / 13
Бул Пасха майрамында христиандар бири-бирин куттукташып, жаман иштен алыс болушат
10 / 13
Пасха адамдардын жүрөгүнө үмүт, келечекке ишеним жаратып, кубаныч тартуулайт
11 / 13
Кыргызстанда бул майрам конфессиялар арасындагы диалогду түзүп, толеранттуулукка жана калктын биримдигине себепкер болуп келет
12 / 13
Пасха православдардын жашоодогу жолун жана руханий баалуулуктарын, каада-салттарын бириктирген жаркын майрам катары да түшүндүрүлөт
13 / 13
Кыргызстандын эли жыл сайын Нооруз, Орозо айт, Курман айт, Рождество жана Пасха майрамын катар белгилеп келет