Баткенде эвакуацияланган үч келин көз жарып, бири эгиз уул-кыздуу болду. Сүрөттөр

Кыргыз-тажик кагылышуусунан улам Баткен жана Лейлек райондорунан 33 миңден ашуун киши эвакуацияланган. Алардын ичинен төрт келин төрөт үйүнө түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Баткендеги кыргыз-тажик кагылышуусу болгон айылдардан Кадамжайга эвакуацияланган үч келин көз жарды. Алардын бири эгиз уул-кыздуу болгонун Кадамжай жардам штабынан кабарлашты. Маалыматты Кадамжай районунун жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Залкарбек Баймуратов тастыктады.
1 / 2
Баткендеги кыргыз-тажик кагылышуусу болгон айылдардан Кадамжайга эвакуацияланган үч келин көз жарды.
2 / 2
Алардын бири эгиз уул-кыздуу болгонун Кадамжай жардам штабынан кабарлашты.
"Эвакуация болгондордун арасынан төрт келин биздин төрөт үйүнө түшкөн. Алардын ичинен үчөө көз жарды. Бир келин эгиз төрөдү. Учурда энелердин дагы, балдардын дагы ден соолугу жакшы. Ымыркайлардын салмагы нормада", — деди Баймуратов.
Кадамжай жардам штабынан билдиришкендей, уул-кыздуу болгон 32 жаштагы Айчүрөк Жолдошева Кызыл-Жол айылынын тургуну. Бужум айылынын тургуну, 28 жаштагы Дилфузахон Таштемирова менен Кара-Бак айылынын тургуну Кайрынса Ганыбек кызы кыздуу болушту.
Бирөөнүн абалы өтө оор. Чек ара чырынан жабыркагандардын абалы айтылды
Эске салсак, 28-апрель күнү "Головной" суу бөлүштүрүү жайынын жанынан тажик жарандары шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкен. Ошол маалда эки тараптан 100-150дөй адам чогулуп, бири-бирин ташка алып баштаган. Андан соң эки тарап бири-бирин көздөй ок аткан. Ошентип жаңжал бир нече күнгө созулуп кетти. Кыргызстанда каза болгондордун саны 34кө жетип, 178 киши жабыркаган.
Мындан тышкары, Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр, Кара-Бак жана Лейлек районунун Жаңы-Жер, Бешкент, Кулунду айыл өкмөттөрүнөн жалпы 33 388 адам эвакуацияланды. Алардын ичинен 19 142си балдар.