"Головнойдо" минометтун огунан 25тен ашык киши өлгөн. ИИМдин билдирүүсү

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу боюнча 11 кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы "Головной" тилкесинде минометтен атылган октон 25тен ашык жергиликтүү тургун көз жумган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Жалпы чек ара жаңжалы боюнча 11 кылмыш иши катталып, тергөө иштери башталды.
"Анын ичинде Лейлек районунда ок жеген он эки жаштагы кыздын өлүмү, Ак-Сай айыл аймагындагы "Головной" тилкесинде минометтен атылган октон 25тен ашык жергиликтүү тургундун массалык түрдө өлтүрүлүшү (саны такталып жатат), жолдордогу унааларды аткылоо жана эл арасында көз жумгандар боюнча иштер бар", — деп айтылат маалыматта.
Чек ара чыры боюнча 11 иш козголуп, ИИМ Баткенге дагы 20 тергөөчү жөнөттү
Ошондой эле жарадар болгон 162 адамдын 118ине ок тийгени маалым болду.
"Жаракат алгандардын 12си Чек ара кызматынын жоокерлери, ИИМдин 17 кызматкери, калгандары жөнөкөй жарандар болгон. Жарадар болгондордун 118ине ок тийип, 10уна таш тийген. Үч жоокер жана 31 жөнөкөй жаран октон каза тапкан", — деп жазылган билдирүүдө.
ИИМ Баткенде иликтене турган иштердин көптүгүнө байланыштуу Тергөө кызматынан тажрыйбалуу 20 кызматкер жөнөтүлгөнүн айткан.