Жапаров чек ара жаңжалынан жарадар болгондорго барды. Сүрөт

Жапаров жарадарларга тийиштүү медициналык жардам жана моралдык-психологиялык колдоо көрсөтүүнү улантуу зарылдыгын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндөгү акыркы окуялар учурунда жаракат алып Бишкек травматология жана ортопедия илимий борборунда дарыланып жаткандарга президент Садыр Жапаров барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 3
Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндөгү акыркы окуялар учурунда жаракат алып Бишкек травматология жана ортопедия илимий борборунда дарыланып жаткандарга президент Садыр Жапаров барды
2 / 3
Жапаров жаракат алгандар менен баарлашып, ден соолуктарын сурап, мамлекет тарабынан тийиштүү жардамдар көрсөтүлөрүн айткан
3 / 3
Мамлекет башчысы жабыркагандардын бардыгын жетиштүү көлөмдө дары-дармектер менен камсыз кылып, тийиштүү медициналык жардам көрсөтүү жана моралдык-психологиялык колдоо көрсөтүүнү улантуу зарылдыгын белгилеген.
Жапаров жаракат алгандар менен баарлашып, ден соолуктарын сурап, мамлекет тарабынан тийиштүү жардамдар көрсөтүлөрүн айткан.
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасады
Мамлекет башчы жабыркагандардын бардыгын жетиштүү көлөмдө дары-дармектер менен камсыз кылып, тийиштүү медициналык жардам жана моралдык-психологиялык колдоо көрсөтүүнү улантуу зарылдыгын белгилеген.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 30-апрелинде Баткен облусунан 46 жабырлануучу аскердик учак менен Бишкектеги ооруканаларга жеткирилген.
Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок аткан. Атышуудан Кыргызстанда каза болгондордун саны 33кө жетип, 156 киши жабыркаган.
Бул трагедиядан улам 1-2-май Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.