Захарова: Россия Бишкек — Душанбе чатагынын чечилишине көмөктөшүүгө даяр

Захарова Кыргызстан менен Тажикстан бийлигинин Россиядагы диаспораларды чагымчылдыкка алдырбоого жасаган чакырыгын оң баалай тургандыгын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Россия согуш отун өчүрүү боюнча жетишилген макулдашууну кубаттайт жана Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы абалды жөнгө салуу үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде айтты.
"Биз Бишкек менен Душанбенин биргелешкен жумушчу топ түзүү боюнча чечимин колдойбуз. Анын милдетине элге маалымат берүү, бул аймактагы абалга мониторинг жүргүзүү кирет. Россия кандай гана талаш маселелер болбосун саясий-дипломатиялык ыкмалар менен көмөктөшүүгө даяр", — деген Захарова.
Ал Кыргызстан менен Тажикстан бийлигинин Россиядагы диаспораларды чагымчылдыкка алдырбоого жасаган чакырыгын оң баалай тургандыгын билдирди.
"Бул жогорку деңгээлдеги тажрыйба топтоп калгандан кийинки мамиле. Азыркы бийлик абалдын кыйындыгын, саясатты түшүнүп элди эмоцияга жана чагымчылдыкка берилип кетпөөгө чакырып жатат", — деди ал.
УКМКнын чек арадагы абал боюнча саат 18:00гө карата маалыматы
Эске салсак, Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, Кыргызстанда каза болгондордун саны 33кө жетти. Атышуудан 156 киши жабыркаган.
Бул трагедиядан улам 1-2-май Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Россия ТИМинин өкүлү Мария Захарованын толук маегин бүгүн Sputnik Кыргызстан сайтынан окусаңыздар болот.