УКМКнын чек арадагы абал боюнча саат 18:00гө карата маалыматы

Ош — Исфана унаа жолунун Жака-Өрүк менен өткөн жери автотранспорт үчүн ачылганы айтылды. Учурда тараптардын сүйлөшүүсү уланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы абал саат 18:15ке карата туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын делимитация жана демаркация боюнча өкмөттөр аралык делегациясынын өкүлдөрү бүгүн эки өлкөнүн күч структуралары жайгашкан жерлерге барышкан.
Ош — Исфана унаа жолунун Жака-Өрүк менен өткөн жери автотранспорт үчүн ачылды.