БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Бүгүн, 1-май, саат 15:00гө карата маалымат боюнча кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч бойдон турат. Бул тууралуу УКМКга караштуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, чек аранын аймагынан аскер күчтөрү менен каражаттарды алып кетүү боюнча эки тараптуу макулдашууну Тажикстан бузуп жатат.
"Тажикстан чек ара аймагына жоокерлери менен оор аскер техникасын тартып келүүнү улантууда. Ошондой эле тажик тарап Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылындагы унааларды улам-улам атып жатат", — дешти Чек ара кызматынан.
Бүгүн саат 13:35те УКМК төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында Тажикстанга жөнөп кетти.