Тажикстандыктар барымтага алган 10 кыргызстандык кайтарылды. Видео

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, бүгүн эки өлкөнүн облус жетекчилери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгында барымтадагы кыргыз жарандары коё берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Тажикстандыктар барымтага алган 10 кыргызстандык мекенине кайтарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Кыргызстан менен Тажикстан аскер күчтөрү боюнча маалыматты текшерген топ түзөт
Эске салсак, Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок аткан. Атышуудан Кыргызстанда каза болгондордун саны 34кө жетип, 173 киши жабыркаган.
Бул трагедиядан улам 1-2-май Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.