БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Бишкекте Баткендеги чек ара жаңжалынан улам өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүүдө.
Нааразычылык акциясынын видеосу Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram-каналына жарыяланды.
Эски аянтка 500гө чукул киши чогулган. Алар элди Лейлектен эвакуация кылууну талап кылууда. Айрымдары Баткенге бара тургандарын айтып, бийликтен ал жакка жеткирүүнү суранышууда.
Баткендеги чек ара чыры
Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок аткан. Атышуудан Кыргызстанда каза болгондордун саны 33кө жетип, 163 киши жабыркаган.
Буга чейин эки мамлекеттин президенттери бир эмес эки ирет телефон аркылуу сүйлөштү. 1-2-май Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.