УКМК: Тажикстан аскерлери Аркадагы кыргызстандыктардын үйүн аткылай баштады

Тажикстандын аскерлери кыргызстандыктардын үйлөрүн көздөй ок чыгаргандыктан Кыргызстандын чек арачылары коргонуу позициясына өтүштү.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май. – Sputnik. Бүгүн, 1-май, саат 12:45ке карата маалымат боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалып турат. Бул тууралуу УКМКга караштуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Тажикстандын аскер кызматкерлери Лейлек районуна караштуу Арка айылындагы кыргызстандык тургундардын үйлөрүн аткылай башташты. Жергиликтүү жашоочулар буга чейин эвакуацияланган болчу.
Кыргызстандын чек арачылары коргонуу позициясына өтүштү.