Баткенде чек арадагы кагылышууда каза болгондордун ысымдары айтылды. Тизме

Расмий маалыматтарда каза болгон кыргызстандыктардын жалпы саны 33 деп айтылууда. Алардын ичинен бир жарандын өздүгү, дагы бир мекендештин туулган жери тууралуу маалымат такталып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. 29-апрелде Баткен облусунун Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай айылдарынын, Лейлек районунун Арка, Максат айылдарындагы куралдуу кагылышууда расмий маалымат боюнча 33 жаран каза тапты. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова брифинг учурунда билдирди.
Курман болгон аскер кызматкерлери:
Каза болгон жергиликтүү тургундар:
Каза болгон дагы үч жарандын ким экени такталып жатат.
Арка айылынын тургуну Гүлайым: бир сутка талаада жаттык, кошуна эжем каза тапты
Эске салсак, 28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.
29-апрелде түшкө маал эки тараптын аскерлеринин ортосунда ок атышуу башталган. Тажик тарап оор артиллерия, Ми-24 аскердик тик учагын да пайдаланган.