Баткендеги чек ара чырынан курман болгон үч аскердин сөөгү жерге берилди

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан каза тапкан аскердин экөө үйлөнө элек, бирөө үч баланын атасы болчу. Мекен сакчылары бүгүн акыркы сапарга узатылды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Баткен облусундагы чек ара чырынан курман болгон үч аскердин сөөгү кичи мекендеринде жерге берилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине маркумдардын жакындары кабарлады.
Расмий маалыматтар боюнча, Баткендеги кыргыз-тажик чек ара чырынан 33 адам каза тапты. Алардын үчөө Чек ара кызматынын аскерлери болчу.
29 жаштагы Эсентур Кубанычбеков Нарын районундагы Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы аскерлеринин жетекчисинин орун басары болгон. Ал Нарындан Баткен облусуна эки апта мурда кызмат өтөөгө кеткен. Анын сөөгү кичи мекени Ат-Башы районунун Ак-Муз айылына жерге берилди.
УКМК: Тажикстан макулдашууну бузуп, чек арага аскер күчүн тартууда
Экинчи аскер 28 жаштагы Нурсултан Манасбек уулу көп жылдан бери Чек ара кызматында иштеп, Баткенде бир жылдан бери кызмат өтөп, атайын даярдыктагы "Бөрү" тобунда командир болчу. Анын сөөгү да бүгүн, 1-майда, Аксы районуна караштуу Авлетим айыл өкмөтүнүн Дейрес айылында жерге берилди.
Үчүнчү аскер 29 жаштагы прапорщик Бекзат Юлдашев үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Анын сөөгү Баткендин Исфана шаарына коюлганы маалым болду.