Радио

Шатманов: "Альпиниада – 2021" мелдешине 101 альпинисттик топ катышат

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов "Альпиниада – 2021" спорттук иш-чарасына Казакстан, Россия жана Өзбекстандын альпинисттик топтору келерин айтты.
Sputnik
Президент Садыр Жапаровдун "Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгына ылайык, быйыл Туризм департаменти биринчи жолу альпинисттердин спорттук иш-чарасын өткөргөнү жатат. Бул тууралуу Самат Шатманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 1-майда Ала-Арча капчыгайында "Альпиниада – 2021" эл аралык мелдеши болот.
"Альпиниада Кыргызстанда 1930-жылдан баштап кеңири жайылган. Ошол учурда жаштар арасында топтор түзүлүп кызыгуу күчөгөн. Ал эми 1951-жылы Ала-Арча капчыгайында "Искра" альпинисттик лагери түзүлүп, 1955-жылдан баштап ал "Ала-Арча" деп өзгөртүлгөн. Бүгүнкү күндө бул жерде беш багыттагы альп чокулары бар. Эң узак чоку 15-20 километр, ал эми эң жакыны беш километр аралыкта жайгашкан. "Альпиниада – 2021" мелдешине жалпы 101 альпинисттик топ катышканы турат. Иш-чаранын катышуучуларына альпинизм федерациясынын машыктыруучулары окутууларды, маршрут боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Пандемияга байланыштуу иш-чара боюнча Республикалык штаб, биринчи вице-премьер Артём Новиковду кабардар кылып, мелдешти өткөрүү үчүн уруксат алдык. Андан тышкары, бул спорттун түрүн жайылтуу максатында туризм тармагында билим берген окуу жайларга альпинизмди өнүктүрүү боюнча предмет киргизүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди Шатманов.
Ал "Альпиниада – 2021" эл аралык мелдешинин ачылышына экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков, президенттин, өкмөттүн аппаратынын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн жана элчиликтин өкүлдөрү катышарын кошумчалады.