Жапаров чек ара чырында көз жумгандардын жакындарына көңүл айтты

Министрликтин берген акыркы маалыматы боюнча, чек арадагы кагылышуудан 13 кыргызстандык көз жумган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында чыккан кандуу кагылышуудан каза тапкан мекендештердин жакындарына, үй-бүлөлөрүнө жана туугандарына көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
"Азыр жалпы өлкө Баткен облусундагы чек арадагы акыркы окуяларда жакындарын жоготкон кыргызстандыктар менен бирге аза күтүүдө. Жаракат алган жарандардын тез сакайып кетишин каалайм. Мамлекет бардык жабыр тарткандарга ар тараптуу колдоо көрсөтөт", — деген президент.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча, чек арадагы жаңжалдан 13 кыргызстандык жаран көз жумду.