Радио

Дондоева: зомбулукту токтотууга имамдардын айтканы жакшы натыйжа берет

Ак-Жар жаңы конушунун зомбулукту алдын алуу боюнча комитетинин төрайымы Гүлбүбү Дондоева үй-бүлөдө болуп жаткан зордук-зомбулук боюнча жергиликтүү тургундар көбүрөөк кабардар экенин белгиледи.
Sputnik
Зордук-зомбулукту токтотууда имамдардын айтканы жакшы натыйжа берет. Бул тууралуу Гүлбүбү Дондоева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көбүнчө алкоголдун айынан зордук-зомбулук болот деген менен динге ишеними бекем адамдар да үйүндө ыдык көрсөткөн учурлар бар.
"Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандар укук коргоо органдарына кайрыла беришпейт. Себеби мыйзамга ылайык, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көрсөткөндөргө үч күндүк ордер берилет, бирок айрым учурда ордердин айынан кайра ур-токмоко алгандар бар. Дагы бир жагы, тартип сакчыларга кайрылганда ыдык көрсөткөн адамга 30-60 миң сомдой айып салынат. Бул үй-бүлөлүк бюджетке түйшүк жаратат. Ошондуктан зордук-зомбулуктун алдын алууда аксакалдар соту, активдүү жарандар жана имамдар менен бирге иш алып баруудабыз. Ак-Жарда зордук-зомбулук катталса мыйзам жолу, шарият аркылуу жана коомдук көзөмөл менен жөнгө салууга аракет кылабыз. Имамдардын зомбулукту токтотууда ролу чоң. Себеби алар намаздан кийин башка бирөөнү кордоо туура эместигин айтса көптөргө жакшы таасир этип, натыйжа берет", — деди Дондоева.
Ошондой эле ал зордук-зомбулуктун алдын алууда коомдук көзөмөлдүн дагы көмөгү чоң экендигин кошумчалады.