Суваналиев: тажик аскерлери Баткендин жаңжал болгон аймагынан чыгып кетти

Облус жетекчисинин айтымында, кыргызстандык аскерлер мина коюлушу мүмкүн болгон аймактарды текшерип жатышат. Жер-жерлерге блокпосттор коюлду.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Тажикстандын аскерлери Баткен облусунун аймагынан чыгып кетти. Бул тууралуу маалыматты облус башчысы Өмүрбек Суваналиев Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.
"Тажик тарап аскерлерин алып чыгып кетти, айылдардын бардыгы бошотулду. Кыргызстандык аскерлер мина коюлушу мүмкүн болгон аймактарды текшерип жатышат. Бул иштер бүткөндөн кийин коопсуз жайдагы тургундар үйүнө келе берсе болот. Коңшу өлкөнүн аскерлери ок атышууну токтотуу келишиминен кийин кете башташкан. Акыркы аскерлери өрттөлүп кеткен эки айылда болчу, алар да кетишти азыр", — деди Суваналиев.
Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү
Учурда жер-жерлерге блокпосттор коюлуп, көзөмөл күчөтүлдү.
Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирине ок атып чатак ырбаган. Жаңжалдын кесепетинен Кыргызстанда каза болгондордун саны 31ге жетти. Атышуудан 154 киши жабыркаган.
Учурда аймакта кырдаал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуй аласыздар.