Россия ТИМи кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча билдирүү жасады

Россия Кыргызстан менен Тажикстанга союздаш мамлекет катары саясий-дипломатиялык жол менен кырдаалдан чыгууга ар кыл көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Россия Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы абалдын кескин курчуп кеткенин тынчсыздануу менен кабыл алды. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захаровага шилтеме берип Sputnik радиосу кабарлады.
"Тилекке каршы, куралдуу кагылышуудан улам эки тараптан тең каза тапкандар жана оор жаракат алгандар болду. Учурда абал турукташып калды, бирок чыңалуу дагы деле бар", — деди ТИМ өкүлү.
Расмий Москва каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандарга тезирээк сакайып кетишин каалайт. Ал эми Тышкы иштер министрлиги эки тараптын кагылышууларды токтотуу чечимин колдой турганы кошумчаланды.
"Тараптарды мындан ары жакын коңшу жана стратегиялык өнөктөш катары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, абалды жөнгө салууга чакырды. Россия Кыргызстан менен Тажикстанга союздаш мамлекет катары саясий-дипломатиялык жол менен кырдаалдан чыгууга ар кыл көмөк көрсөтүүгө даяр", — деди Захарова.

Баткендеги чек ара чыры

Чек ара кызматы: "Бөрүнүн" жоокерлери бир дагы заставаны алдырган эмес

Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, алгач бир, анан экөө, акыркы маалымат боюнча 13 кыргызстандык каза болду. Алардын арасында 13 жашар кыз бар экени айтылган. Жабыркаган 121 адамдын 25и Баткенден Бишкекке атайын борт менен алып келинип, ооруканаларда дарыланып жатышат.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп, тараптар бир пикирге келүүдө.
Бүгүн УКМК төрагасы Камчыкбек Ташиев Тажикстандын атайын кызматынын жетекчиси Саймумин Ятимов менен сүйлөшүп, абал бүгүн кечке чейин жөнгө салынарын айтты.
Учурда аймакта кырдаал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан көрө аласыздар.