Ал эч качан Россиянын курамына кирген эмес, бирок соңку жылдары дал ошол жакта орус оккупациясы жана орус коркунучу тууралуу роман жана тасмалар кеңири тарай баштаган. Кеп беш миллиондук королдук, РФке коңшу жана НАТО түптөгөн өлкөлөрдүн бири Норвегия туурасында. Петр Акоповдун макаласы РИА Новостиге жарыяланды.
СССРдин тушунда да бул өлкө Россия менен коңшулук мамилени сактоого аракет кылган. Постсоветтик мезгилде деле аталган мамлекеттердин алакасы жалпысынан жылуу эле. Бирок Крымдан кийинки маалда кырдаал өзгөрө баштады. Америкалыктар аталган өлкөгө адегенде үч, андан соң жети жүз аскер кызматкерин жөнөттү. Бирок мында башка бир өңүт көңүл бурдурат.
Норвегиялыктарга Россия кооптуу деген пикирди сиңирүүгө тырышып жатышкандай. Анан калса мындай аракет жалпы атлантикалык пропаганданын алкагында гана тургай, эң таасын, оюн, маданий деңгээлде жүрүүдө. Акыркы жылдары чыгып жаткан көптөгөн китеп, тасмалар, атап айтканда ызы-чуу жараткан "Оккупациялангандар" (өлкө тарыхындагы рейтинги эң бийик көрсөткүчтөгү) сериалынан тарта "Чоң аюу" сымал детективге дейре ушундай саясаттын "эпкини". Бир-эки жыл мурун Нордхус Карлссондун "Белая армада" тасмасы "75 жыл оболу алар Киркенести бошотушкан, эми орустар кайтты" деп жарнамаланган.
Ал эми быйыл жыл башында мурдагы балдар жазуучусу Грета Боенин "Кырсык сигналы" детективи чыккан. Анда кезегинде Советтик Армия куткарган жерлердин бири Финнмаркка орустар коркунуч туудурат деп айтылып, "Финнмарк жаңы Крым болуп калышы ыктымал" деген ой камтылат.
Атлантисттер Норвегияны да Россиянын активдүү каршылаштар "клубуна" байланыштырууга аракеттенгени түшүнүктүү. Анткен менен анын активдүү катышуучуларынан айырмаланып РФтин бул коңшусунун тиричилик да, саясий деңгээлде да орустардан чочулоо адаты жок.
Атлантисттердин таасири Ослого кандай күчтүү болсо да норвегиялыктар коңшу өлкөлөр, айрыкча Россия менен болгон алакасын, эки тараптуу мамилелердин келечегин өзү аныктоого Норвегиянын дарамети жетишерлик.