ИИМ кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин айтты

ИИМ Баткенде кыргыз-тажик чек арасында ок атуу токтотулуп, чек арага чектеш аймактарда абал толугу менен көзөмөлдө экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. 30-апрелге карата Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу, ок атуулар токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, учурда милиция кызматкерлери менен аскерлер күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков кыргыз-тажик чек арасындагы абалды толугу менен координациялап, коомдук тартипти сактоо багытында иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүүнү колго алып жатканы айтылды.
"Азыркы күндө чек арага чектеш аймактарда абал толугу менен көзөмөлдө. Милиция кызматкерлери тарабынан блокпосттор коюлуп, чек арага чектеш райондордогу жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Баткенде чыр 28-апрелде чыккан. Таңга маал абал курчуп, эртеси эки тарап ок чыгара баштаган болчу. Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү ведомство жетекчилери ымалага келип, ок атууну токтотуу чечимин кабыл алганы менен түндө Баткендин Лейлегиндеги айылдарда үйлөр, дүкөндөр өрттөлгөнү айтылган.
Чек ара чырынан каза тапкандардын саны 13кө жетип, 121 адам жабыркаган.
Кыргыздар да, тажиктер да бизге боордош эл. Касым-Жомарт Токаев билдирүү жасады
Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө тартиптеги күчөтүлгөн режим киргизилген.
Ал эми Лейлек районунун Кулунду, Интернационал, Эски-Оочу, Максат, Жаштык, Борбордук, Достук, Арка-2 айылдарынын тургундары коопсуз жайларга милиция кызматкерлери тарабынан эвакуацияланды.
Ушу тапта Баткенде эмне болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан окуп-билүүгө болот.