COVID-19: эмдөөгө байланыштуу сурап-билүү телефондору ишке кирди

Калкты коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган. Мартта Sinopharm препараты, апрелде "Спутник V" вакцинасы келди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Коронавирус оорусуна каршы эмдөөгө байланыштуу сурап-билүү телефондору ишке киргизилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Бишкек жана Чүйдө жашагандар кайсы бейтапканалардан вакцина алат? Тизме
Ага жарандар 0312 32-31-27, 0312 54-65-21, 0500 30 32 23, 0500 30 33 43 номерлери аркылуу чала алат.
Калкты коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган. Мартта Sinopharm препаратынын 150 миң дозасы, ал эми апрелде Россиянын "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы алып келинди.