Кыргыз номерлүү талкаланган автоунаалар. Чек арада тартылган сүрөттөр

Көк-Таш айылына бара жаткан жолдо токтоп турган айрым автоунааларды аткылашса, кээ бирин оор техника менен тебелеткени көрүнүп турат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр.— Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Баткен районунун Көк-Таш айылына бара жаткан жолдогу талкаланган автоунааларды сүрөткө тартып алган.
Сүрөттөн жолдо турган Honda, Toyota, Lexus үлгүсүндөгү кыргыз номерлери тагылган бир нече автоунааны көрүүгө болот. Эки автокөлүк жолдун так ортосунда калса, бири трассадан чыгып кеткен. Эки автоунаа аткыланганы сүрөттөн даана көрүнүп турат. Жерде кишилердин бут кийими, кийимдери жатат.
1 / 8
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Баткен районунун Көк-Таш айылына бара жаткан жолдогу талкаланган автоунааларды сүрөткө тартып алган
2 / 8
Сүрөттөн жолдо турган Honda, Toyota, Lexus үлгүсүндөгү кыргыз номерлери тагылган бир нече автоунааны көрүүгө болот
3 / 8
Эки автокөлүк жолдун так ортосунда калса, бири трассадан чыгып кеткен
4 / 8
Эки автоунаа аткыланганы сүрөттөн даана көрүнүп турат
5 / 8
Жерде кишилердин бут кийими, кийимдери жатат
6 / 8
Lexus үлгүсүндөгү автоунааны оор техника тебелеткени көрүнүп турат
7 / 8
Айдоочулары тууралуу азырынча маалымат жок
8 / 8
Баткен районунун Көк-Таш айылында жолдогу талкаланган автоунаасы
Lexus үлгүсүндөгү автоунааны оор техника тебелеткени көрүнүп турат. Айдоочулары тууралуу азырынча маалымат жок.

Баткендеги чек ара чыры

Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, алгач бир, анан экөө, акыркы маалымат боюнча 13 кыргызстандык каза болду. Алардын арасында 13 жашар кыз бар экени айтылган. Жабыркаган 121 адамдын 25и Баткенден Бишкекке атайын борт менен алып келинип, ооруканаларда дарыланып жатышат.
Чек ара кызматы: "Бөрүнүн" жоокерлери бир дагы заставаны алдырган эмес
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп, тараптар бир пикирге келүүдө. Бирок буга карабастан ок атуу токтой электиги айтылып келет.
Бир нече айылдын тургундары үй-жайын таштап, аймактан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
Баткендеги чек арадагы кырдаал тууралуу акыркы маалыматтарды биздин Telegram каналыбыздан окуңуздар.
Чек арадагы абал тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция да жүргүзүп жатат.