1-майда Баткенде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо сүйлөшүлөт

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу эки мамлекеттин башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, майдын экинчи жарымынан кийин Душанбеде жолугушууну макулдашышты.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү 1-майда Баткенде өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү
Баткендеги чек ара чыры
Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, Кыргызстанда каза болгондордун саны 31ге жетти. Атышуудан 154 киши жабыркаган.
Учурда аймакта кырдаал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан көрө аласыздар.