БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Баткендеги кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан каза болгондордун саны 31ге жетти. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.
"154 киши жабыркап, 31 киши каза тапты. Жабыр тарткандардын ичинен 121и жөнөкөй жарандар, 23ү күч органдарынын кызматкерлери", — деди Солтонбекова.
Анын айтымында, Бишкекке атайын борт менен дагы 24 киши дарылануу үчүн алып келинди.
Буга чейинки расмий маалыматтарда чек арадагы чырда 134 кыргызстандык жабыркап, алардын арасынан 13ү көз жумганы айтылып жаткан.
Баткендеги чек ара чыры
Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, алгач бир, анан экөө, акыркы маалымат боюнча 31 кыргызстандык каза болду. Алардын арасында 12 жашар кыз бар экени айтылган. Жабыркаган 121 адамдын 25и Баткенден Бишкекке атайын борт менен алып келинип, ооруканаларда дарыланып жатышат.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп, тараптар бир пикирге келүүдө.
Бүгүн УКМК төрагасы Камчыкбек Ташиев Тажикстандын атайын кызматынын жетекчиси Саймумин Ятимов менен сүйлөшүп, абал бүгүн кечке чейин жөнгө салынарын айтты.
Учурда аймакта кырдаал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан көрө аласыздар.