Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан 13 киши каза болду. Акыркы маалымат

Чек ара чыры боюнча Кыргызстандын Башкы прокуратурасы "Тынчтыкка каршы кылмыш" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин саат 07:50гө берген маалыматы боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган 134 кишинин 13ү көз жумду.
Тынчтыкка каршы кылмыш. Башкы прокуратура чек арадагы жаңжал боюнча иш козгоду
Баткенде чыр 28-апрелде чыккан. Таңга маал абал курчуп, эртеси эки тарап ок чыгара баштаган болчу. Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү ведомство жетекчилери ымалага келип, ок атууну токтотуу чечимин кабыл алганы менен түндө Баткендин Лейлегиндеги айылдарда үйлөр, дүкөндөр өрттөлүп, атышуу уланып жатканы айтылган.