БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +28…+33, Талас жергесинде +27…+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +30…+35, Ысык-Көлдө +19…+24, Нарын өрөөнүндө +20…+25 градус жылыйт.
Күндүн табы Бишкекте +30…+32, Ош шаарында +33…+35 градус жылыйт.