Чек ара кызматы: Тажикстан Кыргызстандын үч заставасы менен эки постун аткылады

Саат 17:00дөр чамасында тажик тарап Кыргызстандын "Капчыгай, "Миң-Булак", "Достук", чек ара заставалары менен "Кожогар", "Булак-Башы" чек ара постторун миномет менен аткылаган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курч бойдон калууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, саат 17:00дөр чамасында тажик тарап Кыргызстандын "Капчыгай, "Миң-Булак", "Достук" чек ара заставалары менен "Кожогар", "Булак-Башы" чек ара постторун миномет менен аткылаган. Натыйжада Баткендеги "Достук" чек ара заставасы өрттөнүп кеткен.
"Мындан улам тажик тарапка жооп катары Кыргызстан УКМКсынын "Бөрү" атайын даярдыктагы аскер бөлүгү Тажикстандын "Ходжа Аълло" чек ара заставасын басып кирди", — дешти УКМКдан.
Кыргыз-тажик чек арасынын аймагына эки тараптан тең кошумча күчтөр тартылууда.