Өзбекстандын ТИМи кыргыз-тажик чегиндеги чырга байланыштуу билдирүү жасады

Өзбекстан кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды тез аранын ичинде жөнгө салуу үчүн ар тараптуу көмөктөшүүгө даяр.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууга байланыштуу билдирүү жасады. Бул тууралуу кошуна мамлекеттин министрлигинин расмий сайтында айтылат.
Өзбекстан эки тарапты тең жоготууларга алып келген чек арадагы кырдаалдын курчушу боюнча маалыматты терең тынчсыздануу менен кабыл алган.
"Эки тарапты тең кагылышууну тез арада токтотууга чакырабыз. Аймакта чыңалуунун андан да курчуп кетпеши үчүн кырдаалды турукташтыруу боюнча биргелешкен чараларды көрүү зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.
Чек арадагы чырдан бир кыргызстандык набыт болду. Жарадарлар 17ге жетти
Өзбекстандын министрлиги белгилегендей, талаш жагдайлардын баары Борбор Азиядагы бир тууган элдердин көп жылдык кошуналык мамилесинин алкагында сүйлөшүү, өз ара кеңешүү аркылуу чечилиши зарыл.
Өзбекстан кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды тез аранын ичинде жөнгө салуу үчүн ар тараптуу көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.