Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин апасы көз жумду

"Ата Мекен" партиясынан кабарлашкандай, саясатчынын апасы быйыл 90 жашка чыкмак. Ошондой эле анын ооруп жүргөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаевдин апасы Тилла Текебаева каза болду. Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынан кабарлашты.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаевдин апасы Тилла Текебаева каза болду
Маалыматка караганда, саясатчынын апасы быйыл 90 жашка чыкмак. Ошондой эле анын ооруп жүргөнү айтылды.
Маркумдун сөөгү эртең, 30-апрелде, Жалал-Абад облусунун Акман айылында жерге берилет.