Марипов Татарстанда Мишустин менен жолукту

Өкмөт башчы кечээ Евразия өкмөттөр аралык кеңешмесинин кезексиз жыйынына катышуу үчүн Татарстанга учуп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов Татарстандын Казань шаарына болгон иш сапарынын алкагында Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 3
Премьер-министр Улукбек Марипов Татарстандын Казань шаарына болгон иш сапарынын алкагында Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолукту
2 / 3
Анда эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги талкууланган
3 / 3
Марипов Мишустинди быйыл күздө Бишкекте өтө турган кыргыз-орус эриш-аркак жылынын жабылуу аземине катышуу үчүн келип кетүүгө чакырды.
Анда эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги талкууланган.
"Россия тарапка "Спутник V" вакцинасынын биринчи партиясын гранттык негизде бергендиги үчүн ыраазычылык билдирем. 2021-жылдын 1-апрелинен тарта биздин өлкө "COVID-19суз саякаттайм" тутумуна расмий кошулду", — деди Марипов.
Ошондой эле ал Мишустинди быйыл күздө Бишкекте өтө турган Кыргыз-орус эриш-аркак жылынын жабылуу аземине катышуу үчүн келип кетүүгө чакырды.
Белгилей кетсек, Улукбек Марипов кечээ, 28-апрелде, Евразия өкмөттөр аралык кеңешмесинин кезексиз жыйынына катышуу үчүн Татарстанга (Россия) учуп кеткен.