Бишкек шаарындагы мечиттерде жума намазы менен дааватка чектөө коюлду

Дин башкармалыгы адам баласынын жанын, мал-мүлкүн, ишенимин, ден соолугун сактоо негизги максат экенин айтып, жарандарды түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бишкек шаарындагы мечиттерде эпидемиологиялык абал турукташканга чейин жума намазы токтотулду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.
Саламаттык сактоо, социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Бишкек шаардык мэриясынын жана Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун талаптарына ылайык, 30-апрелден тарта мечиттерде жума намазын окуу жана дааватка каттоого алууга убактылуу чектөө коюлду.
"Буга чейин Бишкек шаарындагы мечиттерде ооз ачтырууга киргизилген чектөө күчүндө калтырылмакчы. Жарандар мечиттерге келүүдө бет кап тагынып, 1,5 метрлик аралыкты сактап, дене табын текшертүүсү зарыл. Ал эми жаш балдар, кары-картаңдар, ооругандар, дене табы көтөрүлгөндөр мечитке келбей турушу керек", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, Дин башкармалыгы баласынын жанын, мал-мүлкүн, ишенимин, ден соолугун сактоо негизги максат экенин айтып, жарандарды түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.