БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасынын жаңжал чыккан аймагында саат 20.00гө карата ок атуулар толугу менен токтотулуп, аскердик күчтөрдү алып кетүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Буга чейин ТИМ жетекчиси Руслан Казакбаев тажикстандык кесиптеши менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын айткан.
"Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен сүйлөштү. Бул учурда Казакбаев кыргыз тарап башка өлкөнүн аймагына кызыкпасын, ошол эле учурда өзүнүн жерин дагы эч кимге бербей турганын белгиледи, — деп айтылат билдирүүдө.
ТИМдин маалыматына караганда, тараптар кыргыз-тажик чек арасынын жаңжал чыккан аймагында саат 20.00гө карата ок атуулар толугу менен токтотулуп, аскердик күчтөрдү алып кетүү чечимин кабыл алышты.
Казакбаев абалды жөнгө салуу үчүн тараптар чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын катышуусунда сүйлөшүүлөр жүрүшү керектигин билдирди.
Ошондой эле жакынкы сааттарда эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү күтүлүп жатканы кошумчаланды.