Кыргызстан үч айда мамлекеттик карызга 8,1 млрд. сом төлөдү

Ушул жылы мамлекеттик карыздан кутулууга 37 миллиард 266 миллион сом бөлүү пландалууда. Бул рекорддук сумма болуп эсептелинет.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызстан 2021-жылдын январь-март айларында мамлекеттик карызды тейлөөгө 8 миллиард 101,8 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлиги кабарлады.
Аталган сумманын дээрлик 5,4 миллиарды тышкы карызды төлөөгө жумшалган.
Белгилей кетсек, өткөн жылы тышкы карызды төгүүгө 30,7 миллиард сом сарпталган, анын 9 миллиарды январь-март айларына туура келет.
Быйыл болсо мамлекеттик карыздан кутулууга 37 миллиард 266 миллион сом бөлүү пландалууда. Бул рекорддук сумма болуп эсептелинет.