"Спутник V" вакцинасын сатып алууга дагы 600 млн. сом бөлүнөт

Саламаттык сактоо министри белгилегендей, дарынын саны чектелүү болгондуктан эмдөө жайлары азырынча Бишкек шаарына гана уюштурулду.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызстан Россиянын "Спутник V" вакцинасын сатып алуу үчүн дагы 600 миллион сом каражат бөлөт. Бул тууралуу Sputnik агенттигине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, вакцина каражаттын топтолгонуна жараша алынат.
"Бир миллион доза келери күтүлүүдө. Каражаттын түшкөнүнө жараша вакцина сатып алынат. Бир доза Кыргызстан үчүн 9-10 долларга турууда", — деген министр.
Ошондой эле министр алынган вакцинанын саны чектелүү болгондугуна байланыштуу (20 миң доза), "Спутник V" Бишкек шаарынын аймагында гана 65 жаштан ашкан адамдар жана өнөкөт оорусу бар кыргызстандыктар ала аларын белгиледи.
Бишкекте алты адам каза болуп, өлкөдө 345 кишиден COVID чыкты. Статистика
"Сактоо шарты боюнча көйгөй эч жерде болбойт. Ооругандар көбүнчө Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталып жаткандыктан баш калаага көбүрөөк басым жасалууда", — деди министр.
Өткөн аптада Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы алып келинген. Калган каалоочулар үчүн азырынча кытайлык Sinopharm препараты бар. Эске салсак, март айында гуманитардык жардам катары 150 миң доза келген. Калкты коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган.