Бишкекте алты адам каза болуп, өлкөдө 345 кишиден COVID чыкты. Статистика

Жалпысынан коронавирус жуктургандардын саны 94 944кө жетип, анын ичинен 88 923ү сакайып кетти.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Соңку бир күндүн ичинде өлкөдө 345 адамдан коронавирус аныкталып, ошол эле учурда 265 киши айыгып чыкты. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.
Ошол эле учурда алты киши вирустан каза тапты. Алардын бардыгы Бишкек шаарынын тургундары болгон. Бүгүнкү статистиканы кошкондо пандемия башталгандан бери 1 598 кыргызстандык көз жумду.
Катталган жаңы учурлар:
Сакайып чыккандар:
Өлкө боюнча жалпысынан вирус жуктургандардын саны 94 944кө жетип, анын ичинен 88 923ү сакайып кетти.
Акыркы сутка ичинде 6 042 ПЦР-изилдөө жүргүзүлдү.
Ал эми коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 23 624кө жетти. Алардын ичинен 661и вакцинанын экинчи дозасын алууга жетишти.