Ок тийген адамдын абалы оор. Чек ара чырында 4 кыргызстандык жаракат алды

Учурда жаңжал чыккан жерде Тез жардам кызматынын үч бригадасы нөөмөттө турат. Муктаждык жаралса Ош шаарынан адистер жөнөтүлөрү белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан төрт адам жаракат алды. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
УКМК кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча кенен маалымат берди
Учурда жаңжал чыккан жерде Тез жардам кызматынын үч бригадасы нөөмөттө турат.
Эгер жогорку квалификациялуу медициналык жардамга муктаждык жаралса, Ош шаарынан адистер жөнөтүлөрү белгиленди.