Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз-тажик чек арасындагы абал оорлошуп кеткен аймактарды картадан белгиледи. Кеп жаңжалга түрткү болгон "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайы, өзгөчө кырдаал режими киргизилген үч айыл аймагы, убактылуу жабылган Ош — Баткен — Исфана унаа жолу жана башка жерлер тууралуу болуп жатат.
Баткендеги жаңжал
28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.
Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин таш менен ургулаган. Кечке маал абал салыштырмалуу тынчыганы менен, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.
Акыркы маалымат боюнча, окуя учурунда 40тан ашуун кыргызстандык жаракат алды. Мындан башка дагы бир киши көз жумду. Ошол эле учурда тажик тарап жети адамга таш тийип жабыркаганын айтууда.
Сөз болуп жаткан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Чек арада ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.