"National Geographic Россия" сайты окуянын Түштүк Африкадагы Крюгер жаратылыш паркында болгондугун жазды
Кадрдан жалгыз келе жаткан ургаачы арстанды көрүүгө болот. Ал жолдун эки тарабындагы чөптү искеп, бир нерсенин жытын алганы байкалат. Алгач жай басса, андан соң текирең-таскак менен желип жөнөгөн. Жырткычтын ар бир кадамын жолдун эки тарабында жолтандабас менен бараткан туристтер сүрөт, видеого тартып келе жаткандыгын да байкоого болот.
Аңчылык уланып, арстан иттерге айбатын алыстан көрсөтүп, кол салууга эрте камынып алгандыктан беркилер жайыла качып, жырткычтын тумшугуна эч нерсе илинбей калган.
Видео арстандын артынан акмалап келе жаткан гиена итке кол салууга камданып кайра чуркап, бирок жетпей калып жолун андан ары уланткан жерден үзүлгөн.
Арстандар тез чуркаганда саатына 80 чакырымды басып өтөт. Бирок мындай темп менен көпкө жүрө албайт. Адатта аңдып, камап келип же буктурмада туруп олжосуна кол салат. Ал эми видеодогу гиена иттери эң көп дегенде саатына 55–60 чакырым чуркайт. "National Geographic Россия" эгерде арстан чындап артынан түшсө, жок дегенде бирөөнү кармап алууга мүмкүнчүлүгү болгондугун жазган.