Чек арадагы чыр боюнча ЖК депутаттары жыйынга чогулмай болду

Депутаттар бүгүн саат 16:00дө чек ара маселесин карап, кырдаал боюнча өкмөттүн маалыматын угары айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Баткен районундагы чек ара чырына байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулмай болду. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Депутаттар бүгүн саат 16:00дө чек ара маселесин карап, өкмөттүн маалыматын угары айтылат.
Соңку маалымат боюнча, Баткен районунун кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал турукташа элек. Жергиликтүү тургундар ок атышуулар болуп жатканын айтууда.