Чек арадагы чырдан бир кыргызстандык набыт болду. Жарадарлар 17ге жетти

Саат 16:30дан кийин Баткен облустук бириккен ооруканасына беш, Лейлек жалпы дарыгерлер практикалык борборуна бир адам түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жаракат алган Кыргызстандын бир жараны каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги саат 18:00гө карата берген маалыматында билдирди.
Садыр Жапаров Баткендеги чек ара чыры боюнча элге кайрылды
Ушуну менен чыр-чатактан жаракат алгандардын саны 17 адамга (бирөө каза болду, бирөө медициналык жардам алып үйүнө чыкты) жетти.
Министрлик кошумча маалымат берилерин билдирди.