Бишкекте милициянын мотокайгуулчулары да иштей баштады. Сүрөт

Мотоциклчен милиционерлер коомдук жайларда иш алып барат. Алардан тышкары, борбор калаада жөө жана автоунаа менен жүргөн тартип сакчылары бар.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Коомдук коопсуздукту жана жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо максатында Бишкекте мотокайгуулчулар иштей баштады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2
Коомдук коопсуздукту жана жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо максатында Бишкекте мотокайгуулчулар иштей баштады
2 / 2
Жаңы багыттагы кызматкерлер үчүн рация, мигалка жана электрондук планшет сыяктуу техникалык каражаттар берилген.
Ошондой эле ордо калаада жөө жана автоунаа менен жүргөн тартип сакчылары бар.
"Мотокайгуулчулар коомдук жайлардагы парктарда иш алып барат. Алар башка милиционерлердей эле эреже бузгандарды токтотуп, протокол түзө алат", — деп айтылат маалыматта.
Жаңы багыттагы кызматкерлер үчүн рация, мигалка жана электрондук планшет сыяктуу техникалык каражаттар берилген.