Коопсуздук кеңеш: Баткендин айылдарын эч ким басып алган жок

Шаршемби күнү чыккан чырдан акыркы маалымат боюнча 45 кыргызстандык киши жаракат алып, бир адам каза болду.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Баткендеги айрым айылдарды тажиктер басып алды деген билдирүү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Коопсуздук кеңеши кабарлады.
Буга чейин социалдык тармактарда тажиктер бир нече айылды басып алганы тууралуу маалыматтар тарап жаткан.
"Бул маалымат жалган жана ачык чагымчыл мүнөздө. Саат 20:00дөн баштап толугу менен ок атышууну токтотуу жана аскерлерди алып кетүү боюнча келишим түзүлдү. Ушуга байланыштуу биз дагы бир жолу жарандарды такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө жана аларды таратпоого чакырабыз", — дешти катчылыктан.
28-апрелде чыккан чек арадагы чырдан акыркы маалымат боюнча 45 кыргызстандык киши жаракат алып, бир адам каза болду.