Баткенде аскер бөлүк аткыланып, Көк-Таш айылынын тургунуна ок тийди

Көк-Таш айыл элинин коопсуздугун сактап, абалды турукташтыруу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыз-тажик чек арасындагы чырда жергиликтүү тургунга ок тийди. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Анын айтымында, окуя бүгүн таңкы саат 05:45терде башталган.
Аталган айылда жайгашкан аскер бөлүккө тажик жарандары тарабынан ок атылган. Мындан сырткары, айыл аркылуу Ош — Исфана жолунан өткөн автоунааларга тажиктердин Майский айылы тараптан таш ыргытылган.
"Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургунунун оң көзүнө ок тийип, жергиликтүү айылдык ооруканага түштү. Бул жагдай Баткен райондук милициясынын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 39/130-беренеси ("Киши өлтүрүүгө аракет кылуу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды", — деп айтылат маалыматта.
Учурда Көк-Таш айыл элинин коопсуздугун сактап, абалды турукташтыруу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.