Аксакалдар сотунда көбүнчө эркектер болуп, аялдар аларга өз көйгөйлөрүн айтуудан уялышат. Мындай пикирин Наргиза Аманбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул көйгөй пандемия учурунда күчөгөнү байкалган.
"Өлкөдө зордук-зомбулук боюнча көйгөй курч. ИИМдин статистикасына ылайык, 2019-жылы 6 145 зордук-зомбулук фактысы катталса, 2020-жылы бул көрсөткүч 65 пайызга өскөн. Буга себеп пандемия. Атайын анализдердин негизинде, бул көйгөй Бишкек шаарынын жаңы конуштарында абдан курч экени белгилүү болду. Ошондуктан маселени чечүүгө багытталган иш-чаралар жүргүзүлдү. Анын алкагында жаңы конуштардагы активисттер, комитеттер, имамдар жана аксакалдар соттору менен атайын иш-чараларды уюштурдук. Албетте, 47 жаңы конушта иш алып баруу оор, ошондуктан пилоттук негизде долбоорду 10 жаңы конушта ишке ашырууга аракет кылдык. Анын жүрүшүндө жаңы конуштун тургундарына түрдүү акциялар өткөрүлдү. Зордук-зомбулуктун алдын алууда кварталга жооптуулар, аксакалдар соту чоң роль ойнойт. Себеби жабыр тарткандар көбүнчө ошолорго кайрылат, алар маселени жеринен билет. Бирок аксакалдар сотунда көбүнчө эркектер болгондуктан, айрым учурларда үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан кордолгон аялдар өз көйгөйлөрүн айта албай калышууда. Аксакалдар сотунун курамына аялдарды киргизүүнү колго алуу зарылдыгы бар", — деди Аманбаева.
Ошондой эле ал үй-бүлөлүк зордук-зомбулук дегенде жалаң эле аялдарга карата ыдык көрсөтүү деп түшүнбөө керектигин кошумчалады.