Эмен багынын көргөзмө залына "Тазалыкчылардын" өзгөчө портрети илинди. Сүрөт

Эмгекти Эмен багындагы көргөзмө залынан дүйшөмбүдөн башка күндөрү саат 11:00дөн 17:00гө чейин барып көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. DOXA Art-group чыгармачылык тобунун сүрөтчүсү Дмитрий Петровский "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин өзгөчө портретин тартты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
DOXA Art-group чыгармачылык тобунун сүрөтчүсү Дмитрий Петровский "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин өзгөчө портретин тартты
Маалыматка караганда, Петровский болжол менен 2018-жылдан бери көчөлөрдөгү, базарлардагы жарнама кагаздарын, плакаттарды чогултуп жүргөн.
Маалыматка караганда, Петровский болжол менен 2018-жылдан бери көчөлөрдөгү, базарлардагы жарнама кагаздарын, плакаттарды чогултуп жүргөн
"Сүрөткерлер тобунун мүчөсү өзү чогулткан таштанды кагаздарды колдонуп калааны таштандыдан арылткан адамдардын портретин тартты. Анда "Тазалыкта" 10 жылдан ашык убакыттан бери иштеген жубайлар Ибраим жана Ирсалат Кадыровдор жөнүндө баяндалган", — деп айтылат маалыматта.
Сүрөткерлер тобунун мүчөсү өзү чогулткан таштанды кагаздарды колдонуп калааны таштандыдан арылткан адамдардын портретин тартты
Бул эмгекти Эмен багындагы көргөзмө залынан дүйшөмбүдөн башка күндөрү саат 11:00дөн 17:00гө чейин барып көрүүгө болот.