Казакстан аркылуу Бишкектен Таласка жүргүнчү ташып каттоого уруксат берилди

Бир жылдан ашык убакыттан бери коңшу өлкөнү айланып өткөн жол жабык турган. Каттам коронавирус пандемиясынан улам токтотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Казак өкмөтү Бишкектен Жамбыл облусу аркылуу Таласка жүргүнчү ташыган унааларга транзиттик жол ачууга макулдук берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Мындай чечим президент Садыр Жапаровдун март айында Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүсүнүн натыйжасында кабыл алынган. Андан соң апрелде өкмөт башчылары макулдашкан.
ТИМден бул багыт боюнча жүргүнчү ташып каттоо былтыр 16-мартта коронавирус пандемиясынан улам токтотулганын эскертишти.