Памирден келген 44 этникалык кыргызга Кыргызстандын паспорту берилди. Сүрөт

Этникалык кыргыздар билим алуу, ишке орношуу, мүлк алуу жана башка ушул сыяктуу укуктарга ээ болушу үчүн Кыргызстандын президенти аларга документ берүү тапшырмасын койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бүгүн, 28-апрелде, Ош облусунун Алай районунда Афганистандан келген памирлик 44 этникалык кыргызга Кыргызстандын ID-картасы берилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдирип, документ тапшыруу аземинен сүрөттөрдү жиберди.
1 / 3
Бүгүн, 28-апрелде, Ош облусунун Алай районунда Афганистандан келген памирлик 44 этникалык кыргызга Кыргызстандын ID-картасы берилди
2 / 3
Кабарчынын айтымында, этникалык кыргыздарга документтерди өкмөттүн Оштогу өкүлү Жарасул Абдраимов тапшырды
3 / 3
Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашкандай, бүгүнкү күндө жалпы жонунан 106 этникалык кыргызга паспорт тапшырылды
Кабарчынын айтымында, этникалык кыргыздарга документти өкмөттүн Оштогу өкүлү Жарасул Абдраимов тапшырды.
Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашкандай, бүгүнкү күндө жалпы жонунан 106 этникалык кыргызга паспорт тапшырылды.
"Этникалык кыргыздар билим алуу, ишке орношуу, мүлк алуу жана башка ушул сыяктуу укуктарга ээ болушу үчүн Кыргызстандын президенти аларга документ берүү тапшырмасын койгон", — дешти Мамкаттоодон.
Белгилей кетсек, 2017-жылдын октябрь айында Афганистандан этникалык 33 кыргыз Нарын жергесине балдарына билим берүү максатында келишкен. 2020-жылга чейин келип кошулгандарды жана кеткендерди эсептегенде алардын жалпы саны 50гө жеткен. Өткөн жылдын август айында Алай районунун Талды-Суу айылына салынган үйлөргө 10 үй-бүлө көчүрүлгөн.
Президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 16-апрелиндеги жарлыгына ылайык, Кытай менен Афганистандан келген 111 этникалык кыргызга жарандык берилген.