БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун 50 миллион доллар грантын алууга макулдук берди. Бул туурасында биринчи вице-премьер Артем Новиков парламенттин жыйынында билдирди.
Ал бүгүн Экономика жана финансы министрлиги аталган грантты алуу боюнча документке кол коюп, Азык-түлүк жана айыл чарба уюмуна макулдук катын жөнөткөнүн айтты.
Андан соң төрага Талант Мамытов бардык министрлердин кол койгон-койбогону боюнча сураганда Новиков "маселе болбойт, чечилди" деп жооп берди.
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков Азык-түлүк жана айыл чарба уюму Жашыл климат фондунун эсебинен Кыргызстанга жардам катары 50 миллион грант берүү чечимин кабыл алганын айткан. Бирок бир айдан бери өкмөт аны алууга макулдук бербей жатканына нааразы болгон. Бул грантты сомго которсо 4 миллиард 250 миллион сом болот.
Каражаттын 22 миллион доллары айыл чарбасын колдоого, калганы климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында алдын алуу иштерине, энергетика тармагына жумшалмак.
Депутат мындай багыттагы грантты 100 миллион доллар өлчөмүндө коңшу Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрү алганын белгилеген.